• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Орто-Сай базарында балдардын укугун коргоо боюнча рейд өттү

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаардын көчөлөрүн кыдырып, зордук-зомбулукка кабылган балдарды аныктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Октябрь районунун администрациясы, ички иштер башкармалыгы, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, билим берүү борбору жана №9 МАБы тарабынан Орто-Сай базарынын аймагында инспекция иштерин жүргүзүштү.

Тилекке каршы, төрт бала жекшемби күнү ата-энесине жашылча-жемиш сатканга жардам берген жана бир жаран баласы менен кайыр сурап жатканы аныкталган.

Өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен ата-энелик милдеттердин талаптагыдай аткарылышы керек экендиги боюнча түшүндүүрүү иштери жүргүзүлдү.

Балдарды коргоо боюнча рейддер улантылууда.

Белгилей кетсек, Октябрь районун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 2821 бала турат анын ичинен: бала чагынан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейин - 844, жетим балдардын саны – 68, жарым – жартылай жетим балдардын саны– 433, аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдүн саны – 444, багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул – 576, жеңилдетилген категориядагы балдар саны -63, мигранттардын жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар саны -393тү түзөт.

Бишкек мэриясы КР мыйзамдарына ылайык, балдарга туура тарбия берүү жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу ата-энелердин милдети жана алар гана жооптуу экендигин, балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий