• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Купешев Таластагы эки райондун билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушту

Билим 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/.Талас облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Бакай-Ата, Кара-Буура райондорунун мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда аталган райондордун жалпы билим берүү уюмдарындагы, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы маселелер ачык талкууланды.

Мектеп директорлору мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, имараттарды оңдоого каражаттарды өз убагында бөлүп берүү, башталгыч класстардын окуучуларын тамактандырууга бөлүнгөн каражаттын суммасын көбөйтүү боюнча өз ойлорун ортого салып, бул маселелерди чечип берүүнү суранышты. Ал эми бала бакчалардын жетекчилери мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын штатына медайым штаттык бирдигин толук киргизип берүүнү өтүнүштү.

Министр бүгүнкү жолугушууларда көтөрүлгөн маселелер республиканын башка аймактарына да мүнөздүү экенин белгиледи.

“Республика боюнча билим берүү тармагындагы көйгөйлөр жалпысынан окшош экен, баарын кыска мөөнөттө чечип салабыз деп айткандан алыспыз, бирок колубуздан келишинче чечкенге аракет кылабыз. Эгерде баарыбыз бир жакадан баш чыгарып билим берүү системасындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө салым кошсок, бир-эки жылдын ичинде позитивдүү өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Мен бул сөздөрдү бир кездерде араңыздарда жүрүп, ушул тармактын көйгөйлөрүн жон терим менен сезген киши катары айтып жатам”, – деди министр.

Иш сапарынын алкагында Купешев Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков жана аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Замирбек Маркашов менен жолугуп, райондогу билим берүүнүн абалы боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий