• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 2-июнда саат 15:29да Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Светлая-Поляна, Оргочор, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Чоң-Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Саруу, Тилекмат, Ырдык айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий