• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагындагы эки шахтада өрт чыкты. Биринде өрт өчүрүлө элек

Кырсык 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Кечээ, 2-мартта Кыргызстандын аймагындагы эки шахтада өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2-мартта саат 14:45те Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын Маркай тилкесинде жайгашкан шахтадан өрт чыккан. Куткаруучулар өрттү өчүрүшүп, тосмо орнотуп беришкен. Жумуш саат 17:40та толук аяктаган.

Ал эми ошол эле күнү саат 08:45те Нарын облусунун Миң-Куш айылында "Берекет-Кен" ЖЧК шахтасынан өрт чыккан. Жерине Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан №5 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, саат 00:40та аталган шахтага жетишкен.

Өрт өчүрүү иштери 3-март күнү жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий