• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов өлкөдө кайсы тармактардын ишине жана кандай иш-чараларга чектөө алына электигин айтып берди

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү күнү кайсы экономикалык субъекттер иштебей турарын жана кандай иш-чараларга чектөө алынбаганы тууралуу айтып берди.

"Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Той-аш сыяктуу эл көп чогулган жана маданий, спорттук иш-чаралар чектөөдө турат. Көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клуб, караоке ж.б.), интернет клубдардын, компьютердик оюн жайларынын иштөөсүнө уруксат бериле элек. Андан тышкары кинотеатр, соода жана оюн-зоок борборлорундагы тамактануучу жайлардын (фуд-корт), балдардын оюн-зоок жайлары, оюн аянтчаларынын, анын ичинде соода борборлорунда жайгашкан балдар ойной турган жайлардын ишмердүүлүгү чектөөдө турат", - деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, учурда билим берүү борборлору (тил курстары жана кызматтар) ишин жандандырбай турат.

"Ал борборлор аралыктан иштей алышат. Алардын айрымдары бул ыкма менен иштеп жатат. Бирок бир аудиторияда чогултуп сабак өткөрүүгө болбойт", - деди ал.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күнү эл ташыган автобус, кичи автобустардын аймактар, шаарлар ортосундагы каттамдарына киргизилген чектөө алына элек.

"Бул маселеге кийинчерээк кайрылалы деп турабыз. Бул тармакта да көп жарандарыбыз эмгектенерин билебиз. Бирок коркунуч абдан чоң. Эмнеге ички аба каттамдарына уруксат берилип, бирок ички жол каттамдарына уруксат берилген жок деген суроо жаралышы мүмкүн. Аба каттамы аркылуу жарандар учак менен бир жерден экинчи жерге тез жетип алат жана ооруну жуктуруу тобокелдиги азыраак болот. Ал эми автобус, кичи автобус бир аймактан бир аймакка барганда 6,7 же 10 сааттап жолдо жүрүп калат. Кокустан арасында ооруган бир адам боло турган болсо ошол жердеги башка кишилерге оору жугушу мүмкүн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий