• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке Түркиядан 237 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга Түркиядан 237 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Биздин жарандар «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Стамбул-Бишкек» каттамы боюнча Бишкекке учуп келишти», - деп билдиришти КР ТИМден.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий