• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: Дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз жана өз убагында берилиши керек

Президент 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз жана өз убагында берилиши керек. Мындай талапты президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен болгон онлайн кеңешмеде койду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыр прессада, социалдык тармактарда, эл арасында дарыгерлердин көйгөйлөрү активдүү талкууланып жаткандыгын айтты.

«Дарыгерлердин айлык акысы үзгүлтүксүз, өз убагында берилиши керек. Медицина кызматкерлерин тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз», — деп Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго кайрылды.

Андан тышкары, президент өз сөзүндө мамлекет артыкчылыктуу багыт катары медиктерге колдоо көрсөтүп, коронавирус илдетин жеңүү үчүн бардык ресурстар менен камсыз кыларын баса белгиледи.

Президент кырдаалды талдоо жана ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн өз убагында прогноз кылуунун зарылдыгына министрдин көңүлүн бурду.

Пикир

Оставить комментарий