• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Дары-дармектердин баасын жасалма жогорулаткандар жазасыз калбашы керек

Президент 0

Бишкек, 04.07.20. /Кабар/. Дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын баасын жасалма жогорулаткандар жазасыз калбашы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен болгон онлайн кеңешме билдирди.

Мамлекет башчысы дарылардын жана медициналык каражаттардын тартыштыгына жана баасын жасалма жогорулатууга жол бербөө максатында рынокту көзөмөлдөөнүн маанисин белгиледи.

«Мындай нерселер жазасыз калбашы керек. Бул багытта Финансы полициясы иш алып барууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы ар дайым мониторинг жүргүзүп, маалыматтарды ыкчам берип турууга милдеттүү», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Министр рыноктун анализи жүргүзүлүп, дары-дармектердин баасын кыйла жогорулатып жибергендердин тизмеси түзүлгөнүн маалымдады. Тизме Республикалык штабга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий