• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов жумуш сапары менен Эстонияда жүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Эстония Республикасында жүрөт, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Сапардын алкагында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүүгө ниеттенишүүдө. Белгилей кетсек, өлкөдө жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бүгүнкү күнү Эстонияда 215 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан 79 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн.

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү өлкө парламентинде, Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясында бир катар жолугушууларды өткөрүп, алардын жүрүшүндө административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү иштеринин негизги багыттары талкууланды.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Канат Керезбеков, Акылбек Жапаров, Таабалды Тиллаев жана тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий