• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК депутат Эмил Жамгырчиевди мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алды.

Ведомстводон кабарлашкандай, БШКнын дарегине мандатын тапшыруу боюнча Жамгырчиевден арыз түшкөн.

Эске сала кетсек, учурда Эмилбек Жамгырчиев УКМКнын тергөө абагында. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий