• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БУУ 5-мартты Куралсыздандыруу жана куралды жайылтпоо боюнча эл аралык агартуу күнү деп жарыялады

Коом 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Кечээ, 7-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы 5-мартты Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо жаатындагы эл аралык агартуу күнү деп жарыялады. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, БУУ Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп, резолюция кабыл алды.

Белгилей кетсек, эл аралык коомчулук массалык кыргын салуучу куралдын коркунучтарына өзгөчө көңүл буруп, алар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, айрыкча жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Куралсыздануу жана куралдуу жайылтпоо жаатында агартуучулук – бул максатка жетишүүнүн, ошондой эле куралсыздануу жана куралды жайылтпоо боюнча конкреттүү чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана ыкмаларды адамдарга түшүндүрүүнүн маанилүү куралы болуп саналат.

Тынчтык, дипломатия, ядролук куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдын жайылышына жол бербөө саясатына өзүнүн берилгендигин ырастап, Кыргызстан эл аралык коомчулукка 5-мартты Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо жаатындагы эл аралык агартуу күнү деп жарыялоону сунуштаган (Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишим 1970-жылы 5-мартта күчүнө кирген).

Учурда дүйнө геосаясий тирешүүнүн эң оор кризистеринин бирин башынан өткөрүп жатканда аталган демилге абдан маанилүү жана актуалдуу. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын бул демилгеси дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле келечек муундардын ядролук куралсыз дүйнөдө жашоо мүмкүнчүлүгүн арттырууга болгон эл аралык коомчулуктун аракеттерине кошкон салымы болуп эсептелинет.

Эл аралык күндү жыл сайын белгилөө куралсыздануу жана жайылтпоо боюнча билим берүүнүн маанилүүлүгүн көтөрүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө БУУнун Башкы катчысынын «Куралсыздануу жана жайылтпоо алкагында билим берүү боюнча БУУнун изилдөөлөрүү» аттуу баяндамасынын сунуштамаларын аткаруу боюнча конкреттүү жана практикалык чараларды карап чыгууга мүмкүнчүлүк ачат.

БУУнун 40ка жакын мүчө мамлекети, анын ичинде Япония, АКШ, Кытай, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Венесуэла, Никарагуа, Армения, Багам аралдары, Беларусь, Боливия, Чили, Колумбия, Куба, Доминика, Сальвадор, Грузия, Гватемала, Гайана, Гондурас, Венгрия, Кирибати, Ливан, Малави, Мексика, Монголия, Оман, Перу, Сингапур, Вьетнам жана Замбия резолюциянын тең авторлору болушту.

Белгилей кетсек, ядролук куралсыз дүйнө идеясынын жигердүү жактоочусу болгон Кыргызстан Борбордук Азияда ядролук куралсыз аймак жөнүндө келишимдин демилгечилеринин бири, ошондой эле Келишимдин депозитарийи жана учурдагы төрагасы. Ушуга байланыштуу Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Борбордук Азияда ядролук куралсыз аймак жөнүндө келишим» деп аталган жаңыланган резолюциясын бир добуштан кабыл алуу боюнча да ийгиликтүү иш алып барды.

Пикир

Оставить комментарий