• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Баткен облусунун ишкерлери канча насыя алган?

Аймак 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Быйыл "РСК банк" жана "Айыл банк" жалпы 547 ишкерге 193,4 млн сомдук жеңилдетилген насыя берген. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Берилген насыянын ичинен 43,3 млн сом (145 ишкерге берилген) дыйканчылык иштерине, 27,9 млн сом (23 ишкер) кайра иштетүү, 122,2 млн сом (379 ишкер) мал чарбачылыгы үчүн алынган.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 21 ишкерге 40,5 млн сом насыя берилген.

Ошондой 7 ишкерге лизингге 11,3 млн сомдук техника берилген.

"2019-жылдын 9 айына карата жалпы 66 бизнес долбоорго 127 млн сомдук насыя алынса, анын 48 млн сому кепилдик фонддун катышуусу менен берилди", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий