• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны Бишкекте өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.18. /Кабар/. 15-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун төрагалыгы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Бишкекте өтө турган күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отуруму болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны өткөрүү маселелери боюнча өткөн жылдан бери иш алып барып жаткан жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасады.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны 2018-жылы алгач ирет Бишкек шаарында өтөт. Эл аралык мааниси жогору бул иш-чарага Европада, Азияда жана Түндүк Америкада жайгашкан 57 мамлекеттин парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат жана шайлоолорго байкоо салуу менен эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, анын ичинде саясий чөйрөдөгү жана коопсуздук, экономика, айлана чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча өнөктүктөрдү жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий