• 88.68
  • 95
  • 0.95

Депутаттар 2-октябрга чейин шайлоочулар менен иштей турган болду. Токтом кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иштей турган болду. Депутаттардын 79у "макул" добуш берип, тиешелүү токтом бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды.

Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эл өкүлдөрү аймактарда ар кандай жолугушууларды өткөрүшөт.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин отурумунда үгүт иштерине байланыштуу 4-октябрга чейин тыныгуу алуу сунушун киргизген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий