• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 495 миң жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 495 миң жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар

"Алардын сырткары 495 миң жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек. Баарына белгилүү болгондой биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандар 4-октябрь күнү өтө турган шайлоого катыша албайт. Ошон үчүн 19-сентябрга чейин жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, тизмесин такташы керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий