• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламенттик шайлоо кайра качан өткөрүлөт жана ага кимдер катышат?

Шайлоо 2020 0

Юридика илимдеринин доктору, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев парламенттик шайлоо кайра качан өткөрүлөрү, ага кимдер катыша алары жана партиялар шайлоого катышуу үчүн койгон шайлоо күрөөсү эмне болору тууралуу түшүндүрмө берди.

- БШК өкмөт жана президентсиз жаңы шайлоо өткөрө алабы?

- "Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамдын 38-беренесине ылайык БШК президенттин катышуусусуз шайлоону уюштурушу керек. Президенттин шайлоонун белгилөөгө ыйгарым укуктары жок. Ал БШКнын милдети. Эгер шайлоо өткөн жок деп таанылса же анын жыйынтыгы жокко чыгарылса, (4-октябрда болуп өткөн шайлоого окшоп) биз 1 айдын ичинде кайра шайлоону белгилөөгө милдеттүүбүз. Бирок мурда шайлоо өнөктүгүн 90 күн ичинде өткөргөн болсок, мунусунда аны 60 күн ичинде өткөрүшүбүз керек.

- Шайлоону качан өткөрүүгө болот жана шайлоо күрөөсү эмне болот?

- Менимче, эгер биз бүгүн же эртең чогулуп, ал тууралуу чечим кабыл алсак, кайра шайлоону баштоого мүмкүн болот. Шайлоо күрөөсүнө байланыштуу бир жагдай бар: бул шайлоо жокко чыгарылгандыктан ал күрөө кайтарылбайт. Башкача айтканда 80 млн сом мамлекеттин пайдасына кетип, шайлоону кайра өткөрүүгө жумшалат.

- Мыйзам бузууга жол берип, алардын айынан шайлоо жокко чыгарылган депутат жана партияларды БШК шайлоодон четтете алабы?

- Кечээ биз канча мыйзам бузуу болгону тууралуу маалымат алдык. Ар бир мыйзам бузуу каралып, алар боюнча өзүнчө чечим кабыл алабыз. Участкалык шайлоо комиссияларынын ишине аймактык шайлоо комиссияларына арыздануу керек. Ага 3 күн берилет. Аймактык шайлоо комиссияларынын ишине БШКга эмес, сотко кайрылуу керек. Ага да 3 күн берилет. Биз шайлоону ушул жылдын аягына чейин, менимче декабрь айында өткөрөбүз.

Олуттуу мыйзам бузууларга себеп болгон иштер, анын ичинде добуш сатып алуу сыяктуу учурлар катталды. Биздин укук коргоо органдары алар боюнча кабыл алына турган чечимдерди кечиктирүүдө. Тагыраагы - шек саноо тууралуу билдирүүнү берүүнү. Ал - юридикалык күч бере турган маанилүү факт. Добуш сатып алуу жана шайлоо процессине байланышкан башка кылмыштар далилденсе күнөөлүү талапкерлер четтетилип, кайра шайлоодо талапкерлигин көрсөтө албайт. Эгер ал партия болсо, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

- Ошондо партиялар четтетилеби?

- Ооба. Ал үчүн ал партиянын бир эле мүчөсү эмес, добуш сатып алуу массалык мүнөзгө ээ болгонун далидөө керек. Партиялар мыйзам бузууга барганын далилдөө керек.

- Административдик ресурсту колдонуучу?

- Ал жерде да териштирүү керек. Эгер талапкер кызмат адамы болуп туруп, административдик ресурсту колдонсо, ага карата чара көрүлөт. Эгер аны партия жасаган болсо, БШК партиянын четтетилишин карайт. Партиянын иши ошондой мыйзам бузууларга багытталганын көрсөтүп берүү керек. Биз коллегиалдык орган болгондуктан ал маселе талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий