• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда Эгемендик күнү салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Тажикстанда 9-сентябрда белгилене турган Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 2-сентябрда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

«Штабдын чечимине ылайык, Эгемендик күнүнө карата коомдук-маданий иш-чараларды, салтанаттарды, ошондой эле конференциялар менен семинарларды өткөрүүгө болбойт. Мындай чаралар коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө жана ыктымал экинчи толкундун алдын алууга багытталган», — деп жазылган штабдын билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда бул күнү жарандардын парктар менен коомдук жайларда сейилдөөсүнө уруксат берилет. Алар ортодогу эки метрлик социалдык аралыкты сактап, милдеттүү түрдө беткап тагынып жүрүүсү керек болот.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 8 654 кишиге жетти. Алардын ичинен 7447 адам айыгып, 69 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий