• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоо-2020: Бир үйгө ондон ашык адам каттоого тура албайт - Мадумаров

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Бир үйгө ондон ашык адам каттоого тура албайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

"Учурда башка жерден шайлабыз деген жарандарыбыз №2 форма боюнча каттоодон өтүп жатышат. Массалык каттоого туруу болбошу үчүн бир үйгө ондон ашык кишини каттоого алууга жол бербөө максатында 2004-жылдын 4-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жарандардын жашаган жана барган жеринде каттоону жана каттоодон чыгаруунун эрежеси жөнүндө" жобо боюнча өкмөттүн атайын буйругун чыгардык. Эгер ошондой учур катталса Каттоо кызматынын кызматкери ички иштер органдарынын кызматкерлерине, БШКнын системдүү администраторуна кабар жиберет. Демек, тиешелүү чара көрүүгө мүмкүндүк болот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий