• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япония саламаттык сактоо тармагын медициналык жабдуулар менен камсыздоо жаатында көмөк көрсөтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Япония саламаттык сактоо тармагын медициналык жабдуулар менен камсыздоо жаатында көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңеште эки тараптуу Алмашуу ноталарын ратификациялоого багытталган “2020-жылдын 14-июль күнү Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Япония Өкмөтүнүн акысыз жардамынын алкагында “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү” программасы боюнча Алмашуу нотасын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоо тармагында каржы тартыш болгондуктан, заманбап жана жогорку техналогиялык диагностикалык медициналык жабдуулардын жетишсиздиги байкалууда. Ошондон улам, уюмдарында медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, КР Өкмөтү тарабынан заманбап диагностикалык медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн кошумча каржы каражаттарын табуу маселесинин үстүндө иш жүргүзгөн.

Япония Өкмөтү менен саламаттык сактоо уюмдарына заманбап диагностикалык медициналык жабдууларды сатып алууга 500 млн япон иенин грант катары берүү макулдашылды. Бул грантты алуу Япония Өкмөтүнүн жардамы менен Япониядан жогоруда аталган медициналык жабдыктарды сатып алууга мүмкүндүк берет. Ал үчүн “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү” программасы боюнча Алмашуу ноталарына кол коюу талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий