• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлик кызматына Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде парламенттик коалициялык көпчүлүк (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт”) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлик кызмат ордуна Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен КР саламаттыкты сактоо министрлик кызматын тапшырган Космосбек Чолпонбаевдин ордуна Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси катары иштеген тажрыйбасын эске алуу менен коронавирус илдетинин глобалдык коркунучунун шартында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди чече аларына ишеним артып Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлигин сунуштап жатканын белгиледи.

Сунушталган талапкерди колдоо тууралуу парламенттик коалициялык көпчүлүктүн чечими Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий