• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жыл башынан бери Россиянын 1,5 миңден ашуун жараны кыргыз жарандыгын алууга арыз берген

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Быйыл Россиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келген РФ жарандарынын саны салыштырмалуу 30%га көбөйдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанга 192 миң Россиянын жараны келген.

"2021-жылдын 9 айында 160 миң жаран келген. Ал эми өткөн жылдын 9 айында Россия жарандары тарабынан Кыргызстандын жарандыгын алууга 385 тапшырык берилип, анын 226и алса, быйылкы жылдын 9 айында 1631 жаран жарандык алууга арыз берип, анын ичинен 603ү алды”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий