• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда QR-код аркылуу төлөнгөн кызматтардын көлөмү 1,2 млн сомго жетти

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Паспорт берүү же алмаштыруу кызматтарына, ошондой эле никени каттоо жана “Унаа” мамлекеттик ишканасына акы төлөө киргизилгенден берки алты айдын ичинде QR-код аркылуу 1 миң 433 жаран мүмкүнчүлүктөн пайдаланган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 3-июнунан 1-сентябрына чейин 1 млн 270 миң 506 сом төлөндү. Анын ичинен 503 миң 379 сому паспорттук тейлөөгө, 710 миң 646 сому унааны каттоого, 56 миң 481 сому никени каттоо кызматына төлөндү.

Министрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө бул төлөм ыкмасы "Элкарт Мобайл", "РСК 24" мобилдик тиркемелери аркылуу жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий