• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл мектептерде көчүрүү экзамендери өткөрүлбөйт - Жусупбекова

Билим 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Быйыл мектептерде көчүрүү экзамендери өткөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, быйыл коронавирус илдетине байланыштуу мектептерде класстан класска көчүрүү экзамендери убактылуу жокко чыгарылды. “Билим берүү жана илим министрлиги COVID-19 илдетине байланыштуу мектептерде көчүрүү экзамендерин өткөрбөө чечимин кабыл алды. Окуучуну класстан класска көчүрүү анын жалпы текшерүү иштеринин, лабораториялык иштеринин, дегеле өзүнүн жалпы жетишкендигинин негизинде жүргүзүлөт”, - деп баса белгиледи ал.

Жусупбекова кошумчалагандай, окуу жылынын башында толуктоочу иш-чаралардын негизинде балдар менен окуу материалдары кайрадан кайталанат.

Пикир

Оставить комментарий