• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ат-Башыда сууктан улам мектептер онлайн окутууга өттү

Билим 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-январдан тарта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер окутуунун онлайн форматына которулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим өлкөдөгү катуу сууктан улам кабыл алынган. Ат-Башы районунда жалпы 21 мектеп бар.

“Учурда райондук мамлекеттик администрация менен бала бакчалардын иши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мындан тышкары, Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу бардык мектептер аралыктан билим берүүгө которулган.

Пикир

Оставить комментарий