• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Панфилов районунун аймагына биринчи жолу пахта эгилди

Коом 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. 2022-жылы Панфилов районунун аймагына 300 гектардан ашык жерге пахта эгилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда пахтаны жыйноо иштери жүрүп жатат. Пахтаны өстүрүү жана жыйноо боюнча бардык иштер "Текстиль-Транс" ЖЧК тарабынан жүргүзүлүүдө.

КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Панфилов районунун аймагында жогорудагы аталган компаниянын иши менен таанышуу максатында пахта талаасына барып, пахтанын түшүмүн жыйноону жеринде көрдү.

Белгилей кетсек, Панфилов районунун тарыхында биринчи жолу пахта районунун аймагына отургузулду жана түшүм жетишээрлик деңгээлде болоору байкалууда.

Пикир

Оставить комментарий