• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл талаа иштерине 40 миң 596 тонна дизель майы керектелсе, анын 90%ы даяр болду – айыл чарба министри

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Быйыл талаа иштерине 40 миң 596 тонна дизель майы керектелсе, анын 90%ы даяр болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, быйыл дизель майы былтыркыга караганда 4 сомго арзан болууда.

"Минералдык жер семирткичтер менен 80%га чейин камсыз кылдык. Күйүүчү-майлоочу майлар былтыркыга караганда бир топ арзан. Быйыл дизель майы 40 миң 596 тонна керектелсе, анын 90%ы даяр болду. Анын баасы былтыркыга караганда 4 сомго арзан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий