• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл жаңы окуу жылы кандай башталат? Билим берүү министрлигинин жообу

Билим 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда жаңы окуу жылына байланыштуу маселе эки шартты эске алуу менен чечилет: билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерин эмдөөнү жана эпидемиологиялык кырдаалды. Бул тууралуу кеңейтилген маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда окутуунун форматына байланыштуу маселе дагы да болсо министрликтин кароосунда турат.

«Окуу процесси кандай форматта (салттуу же онлайн) болору жөнүндөгү акыркы чечимди биз эки шартты: билим берүү кызматкерлеринин 70%ын эмдөөнү жана жеринде эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алабыз»,-деди ал.

Мындан тышкары, министрдин орун басары бүгүнкү күндө министрликте эпидемиологиялык абал дыкат көзөмөлдөнүп жатканын белгиледи. «Жакында биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан акыркы чечимибизди жарыялайбыз”,-деп кошумчалады Жусупбекова.

Пикир

Оставить комментарий