• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаш изилдөөчүлөр үчүн илимий макалаларды даярдоо мектеби уюштурулду

Билим 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Жаш изилдөөчүлөр үчүн илимий макалаларды даярдоо мектеби уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Scopus - 2023 маалымат базасында индекстелген журналдарга илимий макаланы кантип жазуу керек” кышкы мектебинин ачылышына катышты.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 16-январдан 20-январга чейин өзгөчө макамы бар ЖОЖдордун жаш изилдөөчүлөрү, докторанттары, окутуучулары үчүн семинар өткөрүлдү.

Сабактарды “Ала-Тоо” эл аралык университетинин доцентинин милдетин аткаруучу Урмат Тыналиев өттү. Ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана эл аралык журналдарга басылмаларды даярдоодо чоң тажрыйбасы бар лекторлор өтүштү.

Жыйынтыгында катышуучулар изилдөө методологиясы, макаланын түзүмү жана даярдалышы, маалыматтарды анализдөөдө Stata жана SPSS софт программаларын колдонуу, илимий долбоорлордун презентациясы жөнүндө билим алуулары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий