• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең колледждерге абитуриенттердин документтерин кабыл алуунун акыркы күнү

Билим 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Колледждердин 3-тандоо туруна абитуриенттердин арыздарын кабыл алуу 19-августта аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 17:00гө чейин өтүнмөлөрдү берүү керек.

2022-2023-окуу жылында КООЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүп, https://2020.edu.gov.kg/spuz/ сайтынан окуу жайды жана кесипти тандоосу зарыл.

Абитуриенттер ар бир турда бир бюджеттик жана бир келишимдик негизде окууга өтүнмө бере алат.

Аймактардагы абитуриенттер орто кесиптик окуу жайларына тапшыруу сынагына университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.

Пикир

Оставить комментарий