• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Былтыр Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. 2021-жылы Интерпол эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун өтүнүч талабы менен 2017-жылдан бери издөөдө жүрүшкөн Кыргызстандын эки жараны атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын негизинде Польшада кармалды.

Биринчиси, Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан жана экинчиси Кыргызстандын Жазаларды аткаруу мекемелеринен качып жүргөн.

2021-жылы КР ИИМдин Интерпол УББнын кызматкерлери тарабынан, эл аралык издөөдө жүргөн 45 адам кармалган, анын ичинен 14 адам чет өлкөлөрдө, 31адам Кыргызстанда болгон.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагынан Интерпол багытында издөө иштери жүргүзүлүп, уурдалган 10 унаа табылган, ошондой эле, 6 жараксыз айдоочулук күбөлүк жана 1 жасалма паспорт аныкталган.

Такталгандай, издөөдө жүргөн бул экөө Украинада жашырынып жүрүшкөн жана Украинадагы окуялардан улам чек ара тилкеси аркылуу Польшанын аймагына киргенде кармалган.

КР ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Интерполго мүчө 195 өлкөнүн ичинен 50 мамлекет менен үзгүлтүксүз кызматташып келет.

Пикир

Оставить комментарий