• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ: 2024-жылдын мартында чет жактагы 2,1 миң кыргызстандыкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында 2024-жылдын март айында аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди.

Министрликтин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук тармакта төмөнкүдөй иштер аткарылды:

• Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери боюнча кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен 49 жолугушуу өткөрүлдү;
• документтештирүү боюнча 36 804 консулдук иш-аракеттер жана консулдук кызматтар көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча 11 395 консулдук иш-аракеттер аткарылды;
• консулдук-укуктук чөйрөдө жарандардын 266 жазуу жүзүндөгү кайрылуулары оң каралды;
• консулдук кызматтарды алуу маселелери боюнча 17 094 жаранга консультациялар берилди;
• Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш телефондору аркылуу 9 512 адамга консультация берилди;
• Кыргыз Республикасынын 2 145 жаранына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү;
• Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен кырсык болгон жерлерге, чет мамлекеттердин укук коргоо жана сот органдарына 105 консулдук чыгуулар уюштурулду;
• Кыргызстандын жарандарын кармоонун шарттары менен таанышуу жана аларга зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Екатеринбург, Набережные Челны жана Сургут (Россия) шаарларындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайларга консулдук чыгуулар уюштурулду;
• Венгриянын Балашшадьярмат шаарындагы жана Россиянын Красноярск аймагындагы эки түзөтүү мекемесине консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндигинен ажыратууга соттолгон 21 жараны менен консулдук жолугушуулар өткөрүлдү;
• консулдук кызматкерлер Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Венгриянын, Кытайдын, Казакстандын, Россиянын, Түркиянын жана Өзбекстандын сотторунда 17 соттук отурумга катышты;
• Кыргыз Республикасынын 71 жаранын административдик жоопкерчиликтен бошотуу / алардын административдик жоопкерчилигин жеңилдетүү маселелери иштелип чыкты;
• Кыргыз Республикасынын 5 жаранына кылмыш жазаларын жеңилдетүүгө / кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;
• Кыргыз Республикасынын 5 жаранынын 390 950 сомго жакын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилди;
• Австрияда, Венгрияда, Казакстанда, Кытайда, Өзбекстанда, Россияда, Сауд Аравиясында, Украинада, Улуу Британияда жана Түркияда оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 31 жаранына мекенине кайтууга жардам көрсөтүлдү;
• Газа тилкесинен Кыргыз Республикасынын бир жаранын, ошондой эле Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Арал районунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын алты жаранын эвакуациялоого жардам көрсөтүлдү;
• Россия Федерациясынын Москва облусунун Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактка байланыштуу, зарыл болгон • консулдук-укуктук жардамды көрсөтүү максатында каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын издөө боюнча бардык чаралар көрүлдү;
• чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын 17 жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүүгө көмөк көрсөтүлдү;
• Кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин катышуусу менен чет өлкөлөрдө 78 иш-чара өткөрүлдү;
• Сан-Франциско, Лос-Анджелес, Сиэтл (АКШ), ошондой эле Кальяри (Италия) шаарларында Кыргызстандын жарандары үчүн жеринде консулдук кызматтар көрсөтүлдү;
• Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугу ачылды;
Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында кыргыз-кытай тышкы иштер министрликтер аралык консулдук кеңешмелеринин 7-раунду болуп өттү.

• Кеңешмелердин жүрүшүндө эки өлкөнүн жарандарынын жана ишканаларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду;
Кыргызстандын жарандары үчүн АКШнын туристтик жана ишкердик визаларынын жарактуу мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу маселеси иштелип чыкты.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте бул багытта жигердүү иштерди улантат.

Пикир

Оставить комментарий