• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Былтыр Талас облусунда 187 жол кырсыгы катталып, анда 53 адам каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Талас облустук милициясында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 2021-жылдын 12 айында аткарган иштерин жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ыманалы Саркулов, ЖКККББнын нөөмөт бөлүмүнүн начальниги Муса уулу Чоро, Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асанов жана ЖКККБнын өздүк курамы толугу менен катышты.

Кеңешменин башында Талас облусу боюнча ЖКККБнын начальниги Максат Барпиев өзү жетектеген кызматтын ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берди.

Ыманалы Саркулов ЖКККБ кызматкерлеринен жол кырсыктарынын себептерин, ага өбөлгө түзгөн шарттары боюнча тактоолорду жүргүздү. Айрым бир учурларга токтолуп, нускамаларды сунуштады.

Жол кырсыктарын болтурбоо максатында кандай иш аракеттер жүргүзүлгөндүгү боюнча маалыматтар талкууга алынып, кемчиликтер белгиленди. Айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болгон кырсыктардын алдын алууга карата багытталган аракеттерди күчөтүү боюнча маселе каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында жол кыймылы боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Жол маселеси, кырсыктарга себеп болгон жагдайларга бөгөт коюу, кызматкерлердин мыйзамсыз жолдорго барбоолору боюнча баса белгиленди.

Жол кырсыктарын азайтуу КР президентинин жана өкмөттүн деңгээлинде көтөрүлүп жаткан маселе экендиги эскертилди. Жаңы мыйзамдарды ишке ашыруу, жол кырсыктарынын санын азайтуу багытында да бир нече аткарылчу маанилүү иш алып баруу керектиги белгиленди.

Жалпы облус аймагында 2021-жылдын ичинде 187 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 53 адам каза болгон. Ал эми жаракат алгандардын саны 348ге жеткен.

Пикир

Оставить комментарий