• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде 78 үй, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркады. Акыркы маалыматтар

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткендеги чек ара чырынан жабыркаган жайлар туурасында маалымат берди.

Анын айтымында, маалыматтар 1-май саат 20:30га карата алынган.

“Облус аймагында жалпы 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган жана күйгөн. Анын ичинен Баткен районунда 30 турак уй, 1 ФАП, 1 ИИМ имараты, 2 мектеп, 2 чек ара заставасынын имараты, 1 бала бакча, ал эми Лейлек районунда 48 турак үй, 1 чек ара заставасынын имараты, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн жабыркаган”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 178 адам жабыркап, алардын 34ү набыт болгон.

Кечээ, 1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 2-май саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгара башташты.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий