• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Өч алуучулар: Финал" биринчи уик-эндде рекорд жаратты

Дүйнө 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. “Өч алуучулар” тасмасынын төртүнчү жыйынтыктоочу финалы прокаттын алгачкы дем алышында дүйнөлүк рекорд жаратты.

Walt Disney компаниясы билдиргендей, “Өч алуучулар: Финал” тасмасы биринчи уик-эндде 1 миллиард 200 миллион доллар топтоду. Бул “Өч алуучулар: Чексиздик согушу ” чогулткан каражаттан эки эсеге көп.

АКШ жана Канадада “Өч алуучулар: Финал” тасмасы алгачкы дем алышта 350 миллион топтоду, бул дагы рекорд. Тасма Кытайда 330 миллион чогултту.

Орусияда тасма али чоң экранга чыга элек, анын бет ачары 29-апрелде болот.

Bloomberg басылмасы билдиргендей, “Өч алуучулар: Финал” тасмасы жалпысынан 2,5 миллиард доллар топтошу ыктымал. Он жыл мурун “Аватар” тасмасы дүйнөлүк прокатта 2 миллиард 700 миллион чогулткан.

Пикир

Оставить комментарий