• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Непалда нөшөрлөгөн жаандан жана катуу шамалдан улам 25 киши каза таап, 400 жаракат алды

Дүйнө 0

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Непалдын түштүк аймактарында нөшөрлөгөн жаандан жана катуу шамалдан улам 25 киши каза болуп, 400 жакын жаракат алды. Бул тууралуу Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли билдиргенин Fars агенттиги жазды.

"Азыркы учурга чейин 25 киши каза таап, 400 дөйү жаракат алды", - деп өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Катуу шамал Непалдын борбор шаары Катмандунун түштүгүндө жайгашкан Бара жана Парса райондоруна олуттуу зыян алып келиши ыктымал экенин билдирди.

Учурда катуу шамалдан жабыркаган аймактарда куткаруу иштери жүрүүдө.

Al Jazeera телеканалы куткаруучулар Непалдын түштүгүндөгү айылдарга жетүүгө аракет кылып жатканын кабарлады. Непал полициясынын маалыматына караганда, кырсыктан каза тапкандардын кээ бирлери үйлөрүнүн дубалдарынын кулашынан жана башка нерселердин урашынан улам каза тапкан.

Белгилей кетсек, Непалда мындай аба ырайынын катаал шарттары көпчүлүк учурда жаз мезгилинде, айрыкча апрелден майга чейин болуп турат. Бирок эксперттер кечээ, 31-мартта түнү болгон катуу шамал адаттан тыш күчтүү болгонун белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий