• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда 23 жаштагы бала тоноочулукка шектелип кармалды

Коом 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Чүй облусунда 23 жаштагы бала тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү Аламүдүн райондук милициясына Лебединовка айылынын 27 жаштагы З.М. аттуу тургуну кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 14:30да белгисиз бирөө күч колдонуп уюлдук телефонун алып кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 201-берене ("Тоноо") боюнча каттоого алынган.

"Бул ишке шектүү катары 23 жаштагы Б.О. кармалды. Сотко чейинки иш уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий