• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда калктын аярлуу катмарына 450 тоннага жакын көмүр акысыз таратылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.17 /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы 5 айыл өкмөткө 450 тонна көмүр акысыз таратылды. Бул тууралуу “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, акысыз көмүрлөрдү таратуу Жаңы-Пахта айылынан башталган.

“Бул жерге жалпысынан болжол менен 450 тоннага жакын көмүр жеткирилди. Катуу суук түшкүчө калктын аярлуу катмарын аз да болсо көмүр менен камыз кылалы дедик”,-деп билдирди “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев.

Анын айтымына караганда, кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарына да акысыз көмүр таратылат.

Пикир

Оставить комментарий