• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда "Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Чүй облусунда социалдык тармак аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй ОИИББи жана Аламүдүн РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтарынын кызматкерлери «Фейсбук» социалдык тармагында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн А.К. аттуу колдонуучунун аккаунтун аныктаган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.

Таратууга шектелип, «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун идеологияларынын активдүү жактоочусу, 48 жаштагы А.М. аттуу жаран аныкталган. Анын социалдык тармакка катталып, колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынган. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий