• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда “Өспүрүм-түн” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. 21-23-ноябрь аралыгында Чүй облусунун аймагында “Өспүрүм-түн” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн балдарды, аларга тьюу салынган же чектелген жерлерди, коомго сыйбаган жүрүм-турумунун себептерин аныктоо максатында 23 соода комплекси, 4 темир жол станциясы, 4 ууна жуучу жайы, 7 курулуп жаткан жай, 2 теплотрасса, 18 кашар текшерилди.

Андан сырткары, үй-жайсыз, кароосуз калган жана тилемчилик менен алектенген балдарды, аларды кылмыштуулукка жана коомго каршы аракеттерди жасоого тарткан адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Чүй районунун аймагында селсаяктык жана тилемчилик кылып жүргөн 8 жаран аныкталды, бирок анын ичинде жаш өспүрүмдөр жок.

Алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө милициянын каттоосунда турган оор кырдаалга кабылган 6 үй-бүлө жана 10 жаш өспүрүм менен маектешүү болду.

Мындан тышкары, 31 билим берүү мекемелеринин 8-11 классынын окуучуларынын арасында азыркы күндө көйгөйлүү маселелердин бири болуп жаткан рэкетчилик, эрте турмушка чыгуу, кылмыштуулук түшүнүгү, электрондук тамекинин жана энергетик суусундуктардын зыяны темалары боюнча 58 лекциялар уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий