• 88.68
  • 95
  • 0.95

Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл артисти, “Даңк” медалынын ээси жана Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги Жылдыз Малдыбаева акыркы сапарга узатылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, акыркы сапарга узатуу зыйнаты маданият министри Азамат Жаманкуловдун, туугандарынын, кесиптештеринин катышуусуна “Ала- Арча" көрүстөнүндө өттү.

Анда Жылдыз Малдыбаеванын бүткүл өмүрү чыгармачылыкка, билим берүүгө арналгандыгы, анын адамдык парасаты тууралуу жылуу пикирлер айтылып эскерилди.

Эске сала кетсек, 8-февралда Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Ал СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Пикир

Оставить комментарий