• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каалаган убакытта. Башкы прокурор 20-февралдан баштап соттук процесстерге өзү катышарын билдирди

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 9-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда 20-февралдан баштап соттук процесстерге өзү катышарын билдирди.

Анын айтымында, облус жана райондун прокурорлорунун сот жыйындарына катышып жатышы дагы текшерүүгө алынат.

“Биз февралдын экинчи жарымынан тарта кийинки жылдын декабрь айына чейин каалаган убакытта өзүм, орун басарларым менен айтпай туруп соттук процесстерге катышабыз. Максатыбыз ошол жыйындагы прокурордун ишти канчалык деңгээлде билет, активдүү катышуудабы же уктап отурабы, мыйзамды билип-билбегенин текшеребиз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий