• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда жарым жылдын ичинде 2 миңден ашык кылмыш иши козголгон

Коом 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Жарым жылдын ичинде Чүй облусунда 2 миңден ашык кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө Чүй облусунун ИИББнин башчысы Самат Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын башынан бери Чүй облусу боюнча 2 миң 22 кылмыш иши козголуп, анын 1 миң 799нун бети ачылган.

Отчеттук мезгилде 278 оор жана өзгөчө оор кылмыш болгон, анын 214нүн бети ачылган.

Бардыгы болуп катталгандар:

- Ден соолукка атайылап залака келтирүү – 41, 31 –бети чылган;

-Каракчылык кол салуу – 27, 20 – бети ачылган;

- Унаа уурдоо – 27, 20 – бети ачылган;

- Уурулук – 1 миң. 319, 653 – бети ачылган;

- Мал уурулук – 68, 39 – бети чылган;

- Талап-тоноочулук – 9, 5 – бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий