• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дубайдан Бишкекке 122 кыргыз жараны учуп келди

Коом 0

Бишкек, 10.07.20 /Кабар/. Бүгүн, 10-июлда Кыргызстанга «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бириккен Араб Эмирлигинен 122 кыргыз жараны учуп келди, алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират менен жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашырылган.

Ошондой эле Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейнден мекендештер кайтып келишти, алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан.

Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 17, 24 жана 31-июлга пландалган, бул каттамдар менен Кыргызстанга БАЭ менен үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жандандырган Кыргыз Республикасынын жарандары келе алышат. Авиабилеттерди сатып алуунун алдында жарандар түздөн-түз авиакомпаниядан Дубайдагы ишке ашырылган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоо керектигин эске алуу керек. Дубай аэропортунда транзиттик жүрүү Бишкек шаарындагы ташып кетүү каттамы учканга чейин 24 сааттан ашпашы керек.

Дубай шаарынын аэропортунда каттамга каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тесттер алынып, жыйынтыктары терс чыккан.

Чет мамлекетте жүргөн кыргыз жарандарынын Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча иш улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий