• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусундагы мейманканалардын биринен баңгизатын сатууга аракеттенген киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Чүй облусундагы мейманканалардын биринен баңгизатын сатууга аракеттенген киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан баңгизаттардын алып келүү жана сатуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-аракеттер жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында, 2021-жылдын 18-сентябрында сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, атайын тергөө амалдарынын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатууга аракеттенген 1982-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.

Жаранды жеке кароодо жанындагы сумкасынан 3 жарым килограммдан ашуун баңгизаты аныкталып, ал айипим болгондугу тастыкталган.

Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Тергөө абагына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, аталган кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий