• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам координациялоо борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда БУУнун Өнүктүрүү программасынын техникалык колдоосу менен Кыргызстанда КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) координациялоо борборунун жаңы кеңсеси иштеп баштады. Бул тууралуу БУУӨПнын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, МКЮЖ координациялоо борбору мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жана ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, КР Адвокатурасынын жана жарандык коом институттарынын өз ара аракет кылуу процесстерин координациялайт.

КРнын юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, жаңы ачылып жаткан координациялоо борбору Кыргызстандын бүт аймагында жайгашкан акысыз юридикалык жардам көрсөткөн борборлорду координациялайт.

“Анын ичинде кеңеш берүүчү, мындайча айтканда, алгачкы юридикалык жардам берүүчү борборлор бар, ошондой эле, экинчи юридикалык жардам деп айтылчу квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүнү да камсыздайт. Мындайча айтканда, бул соттук өндүрүш процессинде жарандарга колдоо көрсөтүү, соттук жана процессуалдык жардам берүү жана жактоочу менен камсыз кылуу”.

Белгиленгендей, Кыргызстандагы БУУӨП өз долбоорлорунун алкагында сот адилеттигин камсыз кылуу, анын ичинде Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган “КРда укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу мүмкүндүк” долбоорунун алкагында өлкөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө:

- КРнын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу” Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга көмөк;

- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча жалпы өлкө боюнча 80ден ашуун өкмөттүк эмес уюмдар кирген Координациялык Кеңешти түзүүгө кол кабыш кылуу;

- “Тилектештик автобусу” жана башка көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу.

КРдагы БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн программалар боюнча кеңешчиси Эркинбек Касыбеков төмөнкүлөрдү айтты: «Биздин долбоордун колдоосу астында жакында Акысыз юридикалык кеңеш берүү Борборлорунун он жетинчисинин салтанаттуу түрдө ачылышы болду. Мындан сырткары, биз калкты укуктук жактан агартууга, укуктук маданиятты өнүктүрүүгө, жарандардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, КР Адвокатурасы жана башка жарандык коом институттары менен биргеликте укуктук аң сезимин өнүктүрүүгө кол кабыш кылууну улантуудабыз. МКЮЖ автоматташтырылган маалыматтык системасын (МКЮЖ АМС) иштеп чыгууга жардам кылдык. МКЮЖ АМС жабык веб-ресурс болуп саналат, аны МКЮЖ системасынын координаторлору, тергөөчүлөр, прокурорлор, судьялар, жактоочулар колдоно алышат. Ал эми ЕС-БУУ менен биргелешкен “Теңдик нуру” (“Луч света”) демилгесинин алкагында мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, анын ичинде МКЮЖ системасынын жактоочулары тарабынан зомбулуктан жабыр тарткан аялдар менен кыздарга кызмат көрсөтүү боюнча системалуу иштер жүрүп жатат. Мыйзам чыгарууну жакшыртуу бөлүгүнө, жактоочулардын үй-бүлөлүк зомбулукту түшүнүп билүү потенциалын жогорулатууга жана мындай учурларда тиешелүү аракет кылуусуна кол кабыш кылуудабыз”.

Белгилей кетсек, жаңы кеңсе калкты төмөнкү даректе кабыл алууга даяр: Жибек-Жолу проспектиси, 381.

Пикир

Оставить комментарий