• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтият 2024-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Муфтият 2024-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.

Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Базар баасы менен алганда мейиз – 680 сом, ун – 75 сом, арпа 85 сом болсо, курманын баасы 850 сомду түздү.

Эскертүү: Битир-садага берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Пикир

Оставить комментарий