• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Иманалиев PeaceNexus фондунун КРдагы өкүлү Чынара Эсенгул менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев PeaceNexus фондунун Кыргызстандагы өкүлү Чынара Эсенгул менен жолугуп, КР президентинин 2021-2026- жылдарга “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча кызматташуу жолдорун сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда маданият министри аталган концепциянын негизги багыттарынын маанилүүлүгүн белгилеп, концепцияны ишке ашыруу үчүн иш- чаралар планын иштеп чыгууда PeaceNexus фондунун эксперттик жана консультативдик жардамын керек экендигин белгиледи.

Өз кезегинде фонддун жетекчиси Чынара Эсенгул фонддун миссиясы жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, “Кыргыз жараны” концепциясын иштеп чыгууда кошкон салымы жөнүндө билдирди.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууну ылдамдатууну жана пландын сапаттуулугун көтөрүүнү макулдашты.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү Концепциясы иштелип чыгып, кабыл алынган. Учурда концепцияны ишке ашыруу боюнча иш- чаралар планы иштелип чыгууда.

Концепциянын максаты Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү жана ага жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталат.

Пикир

Оставить комментарий