• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин дагы бир көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.03.24./Кабар/. Бишкектин Көкчетавская көчөсүнүн Щербаков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эксплуатация мөөнөтү өткөн асфальтты толугу менен алып салышты.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жолдун бир тарабына тротуар куруп, ирригациялык системаны орнотуу пландалууда.

Учурда түтүктөр жана дренаждык торлор орнотулууда. Базаны даярдоо үчүн аянт тазаланып, бетон түшүрүлөт. Жакында ирригациялык системаны жана бордюрду орнотуу иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий