• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыштын акыркы күнү Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? – Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Эртең, 29-февралда жана 1-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 1-мартта күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Аба температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14, Талас облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 9…14 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн –2…-7, күндүз 3…8 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градуска чейин ысыйт.

Эртең Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 11...13 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий