• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир жуманын ичинде 5 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Коом 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. 30-июлдан 5-августка чейин Кыргызстанда 5365 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгыныан билдиришти.

Анын ичинен:

22 айдоочу мас абалында унаасын башкарган;

Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкарып бара жаткан 12 айдоочу кармалган;

Унаасын ашыкча жогорку ылдамдыкта айдаган 1589 айдоочу кармалган;

Унааны башкарууга укугу жок 15 айдоочу кармалган;

Унаасын коопсуздук курун тагынбастан айдап бараткан 1309 айдоочуга айып пул салынган;

Андан сырткары 73 унаа каражаты атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий